Спорт

Кыргызстандын курамасы Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди

Бүгүн, 8-июнда Бишкектеги «Дөлөн Өмүрзаков» атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандоо оюндары старт алды. Анда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Сингапур менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңип алды

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болуп, Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Улуттук курама команданы колдоо үчүн стадионго келген.

Оюндун жүрүшүндө, «Ак шумкарлар» кооптуу чабуулдарга чыкканы менен гол жарата алган жок. Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады.

Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Сингапурдун оюнчусу эсепти ачканга жетишти. Ал эми оюндун 76-мүнөтүндө Сингапурдун дарбазасына 11 метрлик айып сокку белгиледи. Топту команда капитаны Валерий Кичин тээп, эсепти 1:1ге өзгөрттү.

Беттештин 81-мүнөтүндө «Ак шумкардын» оюнчусу Виктор Майердин соккусу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңүүчү аталды.

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы бардык оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, “Ак шумкар” 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button