Коом

Айгүл Айдарова: «Кыргыз элине болгон душмандык «пособиеден» башталат»

Бүгүн, Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айгул Айдарова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберди Базарбаевге суроо менен кайрылып, балдарга бериле турган жөлөк пулдун айрым себептер менен берилбей жаткандыгына токтолду.

Эл өкүлү, министрге «күйөөсү москвада болсо, жөлөк пул ала албайбы. Сиз ошого кандай карайсыз? Ушул чынбы же жалганбы?», — деген суроо салды.

Бул суроого министр жарандын кайсы жакта иштээри мааниге ээ эмес. Эң башкысы кирешенин канчалык экендиги каралаарын белгиледи.

«Атасы, апасы канча каражат табаары эске алынат. Айрымасы жок ал Орусиядабы же башкабы?», — деди министр.

Өз кезегинде, мындай жоопко  эл өкүлү:

«Өз мекениңде кыйраткан жумуш жок болуп, Орусияга же башка жака барып, үй-бүлөөсүн багып жаткан жарандардын балдарына жөлөк пул бербей коюу туурабы?,-деп кайрылды.

Мындай көрүнүштүн туура эместигин белгилеген депутат, министрдин туура түшүндүрүүгө аракет кылган сөзүнө «биз туура түшүнүп атабыз. Элге түшүндүрүп коюсоңуздар. Кыргыз элине болгон душмандык, «пособиеден» башталат», — деп кошумчалады.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберди Базарбаев, мындай көйгөй бар экенин белгилеп, эл менен жолугушуу учурунда түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button