Коом

Жакшыга сөз жабышат. Ташиевдин бейнесине сүртүм

Камчыбек Ташиев саясатта таанылгандан бери – көкжал, жөнөкөй, бетке айткан, тайманбас адам катары белгилүү.

Ал командага акжолтой. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясын баштап оомат алып келген.

Ал катышкан шайлоо же ал сүрөгөн талапкер дайым утуш менен маарага келет.

Мурда эл адамы, карапайымга жакын саясатчы катары белгилүү болсо, акыркы 2 жылда ууруларлын түшүнө кирген коррупциянын душманы катары таанылды.

Жүздөгөн чоң жана орто коррупция иштери бети ачылып, өз убагында чара көрүлдү.

Мамлекеттин байлыгын уурдагандар кайтарышты. Анын эсебинен балдар бакчалары, ооруканалар, мектептер мамлекеттик жана социалдык обьектилер курулду.

Ташиевдин жеке аракети менен УКМКнын жер-жердеги имараттары оңдолду. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат алынган жок. Мына ушундай түзүлгөн мүмкүнчүлүк коррупцияга каршы күрөшүүдө жыйынтык берүүдө.

Арам жол менен чогулткан байлыгынан ажыраган коррупционерлер жалданма фейктерди жалдап алып, Ташиевдин дарегине чындыкка дал келбеген ушактарды таратып жатышат.

Өлкөдө кандай кырсык болсо, ал тургай күн жааса дагы “Ташиев күнөөлү” деп колу менен көрсөткөнгө өтүштү.

Жакшыга сөз жабышат деген ушул экен да.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button