Улуттук банк жыл башынан бери 645,2 млн сомго 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы 104,6 кг алтын куймасын сатты. Бул тууралуу  Улуттук банктан билдирди.

Банктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы алтын куймаларына туруктуу суроо-талап байкалууда. «1 жана 2 граммдагы алтын куймаларын негизинен баалуу белек катары сатып алышууда», — деп билдирди ведомстводон.