Коом

Суу башында турсак да, сууну үнөмдөөчү учур келди

Кочкор району Кыргызстандын бирден бир кургакчыл району экенин билчү белеңиз? Көрсө, бул аймактын географиялык өзгөчөлүгүнө жараша жаан абдан аз жаап, тоо баштарында кар болбойт экен. Мындан тышкары бул жакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан жер кыртышынын үстүңкү катмары тез эле кургап турат, бул айыл чарба өсүмдүктөрүн тез-тез сугарууга аргасыз кылат.

Кочкорлук дыйкандар сугат сууга дайыма муктаж, себеби ирригациялык каналдар чачыранды жайгашып жана алардын техникалык абалы начар эле. Экинчи жагынан Кочкор аймагын аралап аккан суулардын бардыгы Ортокой суу сактагычына куят, андан ары Чүй өрөөнүн сугат суу менен камсыздаган Чу дарыясына кошулат.

Сугат суунун тартыштыгынан дайыма чыр-чатактар чыгып, райондук суу чарба бөлүмүнүн кызматкерлери күндө гидротехникалык түйүндөргө барып, алар аркылуу өтүп жаткан суунун көлөмүн кол менен эсептеп, андан кийин гана райондун суу колдонуучуларынын ортосунда сууну бөлүштүрүп келишкен. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ИСЦАУЗР-2 программасынын негизги компонентинин бири – жер жана суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу, сууну сарамжал пайдалануу жана көзөмөл жүргүзүү үчүн алдыңкы технологияларды киргизүү эле. Ушул долбоордун алкагында суу бөлүштүрүүчү түйүндөрдө аралыктан билдирүүчү алты аспап (датчик) орнотулган. Алар реалдуу убакыт ичинде суунун көлөмү тууралуу маалыматты компьютерлерге жиберет. Райондун суу чарба бөлүмүнүн адистери суу боюнча Кочкордогу чыныгы абалды ушинтип билип, суу колдонуучулар менен ушундай жол менен алынган маалыматтардын негизинде келишимдерди түзүп, сууну колдонуучуларга жеткиргени үчүн акысын алып турушат. Баса, суунун көлөмүн билдирип турган аспаптарды (датчиктерди), түшкөн маалыматтарды иштеп чыгуучу компьютердик атайын программаны кыргызстандык адистер иштеп чыгышкан. Ушундан кийин суу талаш маселеси чечилип, азыр башка райондор тажрыйба алмашуу үчүн Кочкорго келип жатышат.

Мындан тышкары фермерлер гидротарандарды пайдаланып жатышат. Гидротарандар булактардын суусун 30 метр бийиктикке чейин көтөрүп, атайын коюлган идиштерди толтурат. Бул суулар тамчылап сугаруу, малды сугаруу, жайыттарды сугаруу жана тоолордун этегинде жайгашкан жерлерди сугарууга колдонулат.

Ал эми пилоттук райондун ар кандай климаттык зоналарындагы атайын талааларда кургакчылыкка туруктуу тоют өсүмдүктөрүнүн уруктары эң мыкты натыйжаларды көрсөттү. Ушундай өстүрүлгөн түшүмдүн уруктары бул ишти машсштабдуу жайылтуу үчүн бардык фермерлерге таратылып берилди.

Азыр климат кескин өзгөрүп жатат, окумуштуулар дагы бул боюнча келечекке карай так маалымат бере албай жатышат. Кыргызстанда 10 миңден ашык мөңгүлөр болсо, анын 30 пайызы акыркы 30 жыл аралыгында эрип кетти. Ошондой эле 9 млн. гектар жайыттар болсо, анын 49 пайызы деградацияга учураган. Кургакчылык, жерлердин такырларга айлануусу ушул күндө да жүрүп жатат. Ошол эле учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкы акыркы мезгилде үч эсе өстү. Бирок сууну акыл эстүүлүк менен сарамжалдуу пайдалануу деңгээлине жетише элекпиз. БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу программмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Динара Рахманова “Суу бар, маселе аны туура бөлүштүрүүдө” дейт. Ушул себептен Кыргызстанда суу ресурсу жылына 50.0 км3 экендигине карабастан, өлкө айыл чарба, энергетика жана ичүүчү багыттардагы суунун тартыштыгына дуушар болуп келет. Суунун жетишсиздигинин негизги себептери – суу ресурстарын талаптагыдай башкаруунун жоктугу, сууну бөлүштүрүү тутумунун начардыгы жана аны эсептөөчү каражаттардын жетишсиздиги болуп жатат.

Бул маселе Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттерде бар. Аны чечүү үчүн БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу программасы Глобалдык экологиялык фонд менен биргеликте регионалдык (ИСЦАУЗР-2) программасын иштеп чыгып, жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү аракетин көрүп жатат. Аз мурда Женевадан ушул программанын техникалык директору Экрем Язичи жана программанын аймактык координатору Махмуд Шаумаров Бишкекке келишип, долбоордун кантип ишке ашып жатканы менен таанышып кетишти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button