Ооба, окурман бул теманы окуп «эмне деп эле жаза беришет» дейт чыгарсыз. Бирок, бул сөздөрдүн арасында карындашым экөөбүз бой тартканга чейин көргөн күндөр катылган.

Биз кичинекей кезде атам менен апам шаарга эл катары иштеп бутка турганы келет. Апам швеяда иштеп, атам такси айдачу экен. Апамдын айтымында атамдын жүрөөнөктүгүнүн айынан эки башка жолго түшөт. Ошол кезде карындашым 2 де, мен 4 жашта болчу экенбиз. Апам  иште болуп,  көбүнчө карындашым экөөбүз үйдө жалгыз калып отура берчүбүз.

Жаз келип күн жылыгында апам бизди таенемдин үйүнө алып барат. Ал жерде таенемдин келиндери бизди жулкуп, кабагын түйүп:

— Силер эле жетпей аттыңар эле, күндө тамак, кириңерди жуумай. Тууган энеңер карабайбы келип, ойсоктобой, — деп кобурана турган.

Бир ирет апам шаардан келип, жеңелери менен урушканы да эсимде.

— Силер менин балдарымды желкеңерге көтөрүп жүрөсүнөрбү. Бул атамдын үйү, акчаны мен шаардан салып турам. Эки балам эмне бир тандыр нан жейби? Атам апам өлмөйүнчө ушул үйдө менин да акым бар, — деп катуу уруш болгон.

Ал убакта чоң апам тез-тез келип бизди көрүп кете турган. Бир ирет чоң апам келгенде таенем экөө акылдашып бизди алып кетти. Биз барган үйдө чоң атам менен эле чоң апам жашачу. Экөөнө караан, эрмек болуп, карындашым божурап сүйлөп, бизди урушкан, кабагын түйгөн эч ким жок жыргап эле калдык. Мектепке да ошол айылдан бардык.

Чоң апам көбүнчө атама нааразы боло берчү. «Чырактай кызды 17синде ала качып алып, эми бул эмне кылганы жубарымбек, жашап кетсе экен кайра экөө элдешип» деп кобурана берер эле. Чоң апам апамды жакшы көрчү. Жайкы каникул башталар менен апам бизди шаарга алып кете турган.

Бир жолу каникул башталганда бизди шаарга атам чакыртып алды. Атамдын жанында бир эже бар экен. Биз барганда анча бизди жактыра бербей, кабагы ачылчу эмес. Атам ишке кеткен соң, карындашыма үй жыйнатып, картошка пияз аарчытып,  мага бала көтөргүзүп, оюндагысын жасатчу.

Бир күнү өгөй апабыз уктап жатканда карындашым экөөбүз качып кеттик. Бирок, балабыз да бараткан багытыбызды билбейбиз. Болгону мен апамдын телефон номерин жатка билем. А кезде 2-класста окуп калгам. Жолго чыксак сары маршрутка келе жатыптыр, аялдамада турган адамдар менен чогуу чыгып алдык. Кетип бара жатабыз. Кооз үйлөр, дүкөндөр. Жолдон элдер чыгып түшүп жатып аягында карындашым экөөбүз калдык. Айдоочу байке бизди карап:

-Кайда барат элеңер,- деди.

Карындашым ыйлагысы келип, «апама» деди. Айдоочу байке адашып калганыбызды дароо түшүндү окшойт. Бизге жакын келип отуруп, атыбызды сурап, кайдан келгенибизди сурап, анан мен айткан номерди кичинекей телефонунан чыйкылдатып номурларды терди да апама чалды. Арадан бир топ убакыт өткөндө апам бир байке менен келип бизди алып кетти.

Апам жашаган үй төртүнчү кабатта экен. Жанагы апам менен келген байке көрсө апамдын жигити болуп чыкты. Бирок, ал байке жакшы байке, бизди ойнотуп, паркка  алып барып, таттууларды сатып берип оюубуз менен болду. Каникул бүтөр менен биз айлга кеттик. Бирок, карындашым экөөбүз жолдо «атамдын аялына караганда, апамдын жигити жакшы экен ээ, карачы мага муну сатып берди» деп улам оюнчуктарыбызды бири-бирибизге көрсөтүп мактанып, «каникулда кайра апама келебиз ээ» деп жолдо айылды көздөй  бараттык.

Андан бери даалай суулар агып, даалай жылдар өттү. Болгону карындашым экөөбүздүн жан дүйнөбүздө апага, атага болгон кусалык, сагыныч, башкалардан жаман сөз уккандагы капалык, көп эшик көрүп чоңойгонубуз көөдөнүбүздө калыптанып бой жеттик. Азыр өзүм жаш үйлөнгөндөрдү көрүп түбөлүгү түз болсо экен, бөөдө балдар ортодо кордолбосо экен деп тилей берем. Карындашымды коргоп, карап келинчегимди сүйлөттүрбөйм, «сен ага бир туугансың, сенин сиңдиң көп нерсени үйрөт» дейм. Бирөө сөз айтса жашырбай айт, апамдай болуп кордолбо деп кулагына куюп турам.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.