Саясат

Турсунбек Акун: «Бүтүн Кыргызстан» казиного каршы чыгып, упай топтоого далалат жасап жатат»

«Бүтүн Кыргызстандагы» өмүр бою казинодо жүргөн депутат казиного каршы чыгып, упай топтоого далалат жасап жатат», — дейт, 25-июнда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Турсунбек Акун маек куруп жатып.

-Арыбаңыз, Турсунбек агай! Кумаркана маселесин элдин талкуусу жок өткөрдү деп нааразы болгондор көп. Негизи мындай маселелер элдин талкуусу менен чечилиши керекпи же депутаттар эле чечкени туурабы?

— Кумаркана болобу башка маселе болобу баарын элдин талкуусуна коё берген  туура болбой калат. Анткени, эл деген эл. Эл арасында түрдүү пикирлер айтылат. Элдин маселесин парламентте коргосун деп эл депутаттарды шайлаган. Шайланган 90 депутат элдин атынан сүйлөшү керек. Ошон үчүн бул маселени парламентте депутаттар чечкени туура болду деп ойлойм. Ошондой эле бул маселени чечүү парламенттин ыйгарым укугуна кирет.

— Азыркы бийлик казинону аргасыздан ачалы деп жатабы же булардын кызыкчылыгы барбы?

— Кумаркана азыркы бийлик деле аргасыздан ачалы деп жатат. Садыр Жапаров башында турган бийлик ыйман жолунда жүргөн адамдардан куралган. Булар Кумарканадан пайда таап жиберели деген жок.  Бюджетти толтуруп, элге пенсия, пособие, студенттерге стипендия бериш керек үчүн арга жок ачып жатышат.

— Бирок, депутаттардан да каршы чыгып жатат го?

— Туура Кумаркана маселесине каршы чыккан депутаттар да бар. Баарынан кызыгы, «Бүтүн Кыргызстандагы» өмүр бою казинодо жүргөн депутат казиного каршы чыгып, ачылбаш керек деп сүйлөп, эл арасында упай топтоого далалат жасап жатат. Чынында ал кайсыл депутат экенин эл жакшы билет.

2011-жылы бюджетке 5 миллиондон ашык каражат түшүрүп жатканда казинону жаппай эле, арам акчаны адалдап, казынага түшүрүш керек дегем. Ошондо дагы мени сындагандар да болгон. 11 жылдан кийин мен айткан нерсе ишке ашканы жатат.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button