Коом

«Манас айылын» реконструкциялоонун долбооруна жарыяланган ачык сынак жыйынтыкталды

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна жарыяланган ачык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Бишкек башкы архитектура” башкармалыгынан кабарлашты.

Ачык сынактын жыйынтыгында жалпы 14 долбоор келип түштү.

“Бишкек башкы архитектуранын” жыйындар залында долбоорлордун көргөзмөсү өтүүдө. Каалоочулар 6-7-июль күндөрү саат 17:00гө чейин келип, долбоорлор менен таанышып кете алат”, — деп айтылат маалыматта.

Шартка ылайык, сынак 6-июндан 5-июлга чейин өткөн. Ал эми 6-7-июль аралыгында коомдук талкуу болуп, 8-июлда сынактын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Эске салсак, сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет. Жеңүүчүсүн аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button