Коомудк активист, журналист Атай Бейшенбек Фейсбуктан Равшан Жээнебековго жакшы эле “эсиң барда этегиңи жый” деген таризде эскертүү бериптир. Чынында азыр эл үчүн тынчтык, анан биримдик керек.

Ойлоп карасак, канча жылдан бери ушул эле сүрөттөгү “эргулдар” максатына жетүү үчүн, бийликке келип, элдин канын соруу үчүн колдорунан келишинче, жан алы калбай баш аламандык уюштурушуп жатышат. Алардын сап башында өмүрү бир жакшы тилек кылбаган, же жолу ачылбаган, күн тийген жердин күкүгү аталып, көрүнгөн жерден суурдай чыга калган Равшан Жээнбеков, Сыймык Жапыкеев, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, К.Хасановдордун түпкү максаты эмне экенин эл эң жакшы билет. Булар акчасы боло калганда эле өз байлыктарын сактап, бизнестерин өнүктүрүү үчүн, өз көмөчүнө күл тартып, жаш уландарды, айрым жаштарды азгырып айдап  митингге чыкмай адат таап алды.

Өткөндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катуу эскертүү берди эле, Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып. Көрсө жыландын башы бул жактан кылтайып чыгып жаткан экен да.

Кадырлуу элим, келгиле мындан ары ушундай ою бузуктар өлкөнүн биримдигине доо кетирүүну каалагандарды өлкөдөн өмүр бою кууп чыгалы же тартипке келтирели. Анык эл душмандары ушулар. Анткени булар тыйын тыпыр берип,  алдап, бал тилге салып жаш азаматтарды чыгарат да өздөру турат экинчи планда, ара жолдо мыкты уулдарыбыз, чыныгы элге кызмат кылчулар алардын арам оюна алданып, айрымдары камалып,  булардын курмандыктары болуп калууда. Булардын котур ташы койнунда, бир эле максаты бийликке келип  баш аламандык чыгаруу, баюу!

Жогорудагы адамдардын Кыргызстан үчүн жасаган бир  жакшы иштери болсо түшүнөт элек, көрөт  элек. Диванда чалкалап отуруп, баарын сындоо элдин колунан келет. Булар ошондой эле бир жамандыктын башын кылтыйтып, күзундө ызы чуу чыгаруу аракети бардай. Негизи эле Фейсбук колдонуучусу Атай Бейшенбеков туура баамдаган, уйдун жампасындай чогулуптур. Булардын чогулуусунда эч кусамат жок, бирок алардын арам ою элге белгилүү эле.

Убагында бийликти абдан катуу сындап, карантинде элдин кыжырына тийип, “кухня баатыры” Сыймык Жапыкеев деле кызматка келип отурду. 3-4 ай чоң кызматта отуруп, анын деле кыйратып иштегенин көрө алган жокпуз. Азыр кызматтан кеткен адамдардын оппозиция боло калгандары элдин кыжырын ого бетер келтирүүдө. Эл аралык сурамжылоодо Кыргызстан элинин 85 пайызы азыркы бийликтин туура жолдо кетип бара жатканына ишенимин айтыптыр. Эми тынч өнүгөлү, тынч жашайлы дегенде ушундай сасыткылардын жаман, арам ою элдин да кыжырына тийе баштады… Кыргызстан өнүксүн деген ойлору болсо тынч отурушсун, болбосо аларды эл колдобойт, ызы чуу чыгаруу пландары  болсо мыйзам алдында жооп беришсин…

Марат Казарман