Коом

Тажикстандын абактарында жаткан 11 кыргызстандык бошотулду

Тажикстандын абактарында жаткан 11 кыргызстандык бошотулуп, мекенине кайтып келди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Бул маалыматты “Азаттыктын” журналисттерине 2021-жылдын 24-октябрынан бери Хоженттин СИЗОсунда камакта жаткан Айдарбек Хайдаров да тастыктады. Анын айтымында, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын дагы 10 жараны кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Алардын баары чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен ар кайсы убакта Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов буга чейин кыргыз-тажик чек арасында кармалган Кыргызстандын11 жараны Тажикстан Республикасынын абактарында адамгерчиликсиз шарттарда кармалып жатканын билдирген.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев белгилегендей, Садыр Жапаров аткаминерлердин алдына мекендештердин тез арада бошотулушуна шарт түзүү боюнча конкреттүү тапшырма койгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button