“Kadam-media.kg” маалымат порталы окурмандардан жеке куржунга келген каттар менен бөлүшүүнү улантабыз. Кымбаттуу окурман эгер сизде да кандайдыр бир жан дүйнөңүздү түйшөлткөн окуялар, тагдырлар болсо, анда “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Kadam-media.kg” баракчабызга кат аркылуу жиберсеңиз болорун маалымдайбыз.

Саламатсыздарбы “Kadam-media.kg” сайтынын жамааты. Сиздердин чыгарган тагдырлар мага аябай таасир берет. Бүгүн өзүм көптөн бери ичимде катылып жүргөн сыр менен бөлүшүп, көпчүлүктөн кеңеш алгым келди.

Балким азыр коом ушундай деңгээлге келип калдыбы же айымдар өзүбүз эркектерди ушуга көндүрдүкпү же заманга шылтайбызбы билбей келем. Дегеним бир канча жылдан бери жолдошум экөөбүздүн ордубуз алмашып калгандай. Үйдөгү баардык кем карыч менин мойнумда. Аны мен “сен иштебейсиң аракет кылбайсың, акча аз таппайсың” деп айтсам чычалап чыгат. Алдап да, мактап да айттым…

Бул көйгөйдү көп ирет изилдегенге аракет кылдым. Башка айымдардан, тааныштардан сурап көрдүм, таң калыштуусу көпчүлүк айымдар үй-бүлө жүгүн жалгыз аркалап келишет экен. “Эрим бар” деген эле аты болбосо калган кем-карыч бүт эле аялдар аркалап калышыптыр.

Баклким биздин мырзалар иш кылуудан тартынышабы же жалкоолукка көнүп алдыбы? Айрым эркектерди билем швеяда аялы менен эле тең ата иштеп там салып бутка туруп жаткандар бар. Балким айрым мырзалар ушундай аялдын жумушун аткаргандан уялабы? Биздин бүлө деле көп ирет кер-мур айтыштык жумуштун артынан. “Уяты жок эле чогуу иштейли, сен кийим тикпесең үтүккө тур” десем ага да көнбөйт. Кээде ойлоп калам “балдарыма кошуп бакпай айдап салсамбы” деп, бирок дагы да үмүт үзүлбөй жакшы жумуш чыгып калаар деп өзүмдү алдайм. Таптакыр иш кылбайт дегенден да алысмын, анткени  балдар жаш болуп мен үйдө отурганда жакшы эле иштеп бизди багып жаткан. Мен ага жардам болсун деп жумушка чыккам. Билинбей эле экөөбүздүн ордубуз алмашты да калды. Балдардын кийим-кечеси, батирдин акчасы, айтор баарын каржылап калдым. Айрым эркектер жок дегенде үйдө бала карап үйдөгү иштерди жасайт экен, меники аны да кылбайт. Кээде ойлоп калам, Фейсбукта сын пикир жазып, аңдышып айтышкан эркектер да жасаган жумушу жок, эрмеги эле соцсет болуп калганбы деп. Анткени мен жумуштан чарчап келип, болгон жаңылыктын баарын ошодон угам. Бул жагдайды кандай кабылдап, кандай баа берүү керек?

Анара Бишкек шаары.

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.