Саясат

Бишкекке араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин катчысы келди

 Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф Кыргызстанга келди.
Бул дипломаттын Бишкекке жасалган алгачкы иш сапары экени белгиленди. Анын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өлкө жетекчилиги менен жолугат. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатттарына билдирүү жасаары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф Борбор Азияны кыдырып Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнө жана Азербайжанга барары пландалган.
Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши — регионалдык жабык эл аралык уюм. Анын негизги максаты мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, социалдык жана маданий ишмердүүлүктү координациялоо, кызматташуу жана интеграция болуп саналат.
Уюмдун курамына Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Аравия мамлекеттери кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button