9-августка карата аба ырайы
Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, абанын температурасы:
— Чүй облусунда +26…+31;
— Талас облусунда +25…+30;
— Баткен облусунда +30…+35;
— Ош, Жалал-Абадда +30…+35;
— Ысык-Көл облусунда +24…+29;
— Нарын облусунда +23…+28.
«Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Абанын жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.