Ар жылы август айынын экинчи жекшембиси Кыргыз Республикасында Куруучулар күнү деп майрамдалып турат. Бул күнү жалпы республикада куруучуларга арналган иш-чаралар өтүп, сыйлыктар тапшырылып, эмгектер бааланып, мааракелик маанайда майрам уланат.
Албетте, куруучулар ар бир тармакта бар. Анткени, ар бир министрлик же агенттик, департамент дегендерде өздөрүнө тиешелүү адистештирилген курулуш башкармалыктары же бөлүмдөрү иш алып барат. Эсеби маселен, Ички иштер тармагына таандык имараттарды кез келген эле курулуш компаниялары куруп, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзө албайт. Өзүнүн жол-жобосуна ылайыктап, алыскы аймактардан тарта борбор калаа Бишкекте ИИМге тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин атайын курулуш монтаждоо башкармалыгы бар.
Бул сапар “Куруучулар күнүн” утурлай ИИМдин курулуш курулуш монтаждоо башкармалыгынын башчысы Түркбаев Айдынбек Бөрүбаевичти кепке тартып, аткарган иштери менен таанышып, каалоо тилектерине ортоктош болдук.

— Айдынбек Бөрүбаевич айтсаңыз, Ички иштер министрлигине тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоп-түзөө иштерин жүргүүзүдө башка компанияларга же курулуш ишканаларына салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктөр, айырмачылык бар?
— Кадимки эле курулуш ишканалары сыяктуу иштерди биз деле аткарабыз. Бирок, ИИМге тиешелүү имараттарды куруу оӊдоп-түзөө иштеринин өзгөчөлүгү татаалыраак. Себеби, бул жакта имараттарды салуу жана структурасы татаал болуп, купуялуулукту сакташ керек. Мисалы, курал сактай турган кампаны же дагы бир жашыруун объектилерди курууда, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө атайын уруксаат кагазы болуш керек. Ошондой эле белгилүү бир талаптар менен иштеп, берилген убакыттын ичинде ыкчам бүтүрүп беришибиз керек. Ар биз имараттын өзүнүн шарттары, талаптары бар ошого ылайыктап жасап беребиз. Башка курулуш компанияларында же уюмдарында бизге салыштырмалуу купуялык, өзгөчө талап дегендер жок.

— Жакынкы аралыктардан тарта ИИМ тармагында кандай имараттардын ачылышы болду жана кайсы имараттар курулуп жатат?
— Жакынкы аралык дей турган болсок 2021-жылдан бери карай жасалып жаткан иштерге эле токтолоюн. Айтсак, бардык шарты менен заманбап үлгүдө Кочкор РИИБин, андан кийин Кадамжай РИИБин ачтык. Баткен облусундагы Интернационал айылында ИИМдин Ички аскерлеринин имаратын, Кулунду айылында милициянын аймактык бөлүмчөсүн, Баткен окуясында Лейлек районунун Максат айылында снаряддан жабыркап, жараксыз абалга кептелген айылдык милиция бөлүмчөсүн кайрадан жаӊы куруп бүттүк. Андан кийин “Арка 2” айылында айылдык милиция бөлүмчөсүн курдук. Ош шаарында 240 батирлүү үйдү бүтүрүп бердик. Алдыда Баткендин Көк-Таш аймагында ИИМдин Ички аскерлерине тиешелүү 707-аскер бөлүгүнүн жаӊы имаратын жыйынтыктоо алдында турабыз.
Андан сырткары демөөрчүлөрдүн жардамы Борбордук аппаратты жасап өткөрүп бердик.

— Үстүбүздөгү жылдагы аткарган жана аткарып жаткан иштерди айтып өттүӊүз. Алдыдагы жылга кандай пландар бар?
— Алдыдагы жылдарга абдан олуттуу максаттар коюлууда десем болот. Анткени, заман агымына жараша талаптар өсүп жатат. Эсеби маселен, алыскы аймактардан Нарын облусуна имараттар жетишпейт. Ага байланыштуу атайын иш пландарда каралып, долбоорлор даярдалып иштер жүрүүдө. Алсак, Жумгал районунун Чаек айылында райондук ички иштер бөлүмүнө 2 кабаттуу имараттын курулушу башталды. Андан кийин Ысык-Көл облусунда Командалык борбор курулууда.Ага улай эки РИИБ жана айылдык милиция бөлүмчөлөрү планда. Ош облусунун Чоӊ Алай районунда РИИБдин имаратынын курулуш башталды. Аталган облуста дагы эки РИИБ, айылдык милиция бөлүмчөлөрү боюнча да мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Талас областына болсо, “Жер-Үйдүн” демөөрчүлүгү менен аймактык милиция бөлүмчөсүн куруп бергенбиз. Эми кийинки жылы ошолордун эле колдоосу менен бир РИИБ жана милиция кызматкерлери үчүн үй куруу пландалып жатат.
Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович келээрки жылга карата атайын тапшырмаларды берген. Ага ылайык, ар бир айылдарга аймактык тескөөчүлөр жашай турган ошондой эле иш алып барууга ылайыкташтырылган имараттар курулмакчы. Азыр ушул маселелердин үстүндө иштөөдөбүз. Андан сырткары милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча өтө эле аз. Бишкек шаары боюнча 2, Ош шаарында болсо 1930-жылдары курулган имараттагы 1 бала бакча бар. Албетте, бул эң аз көрсөткүч, ошондуктан, бала бакча куруу кийинки жылга карата планда каралган. Азыркы тапта жер бөлүнгөн, каражат бөлүнсө эле, буюрса салып баштайбыз.

— ИИМдин курулуш жаатында жалпы республиканы тейлөө милдетин артынгандан кийин өзүңүздөрдү камсыздаган курулуш материалдарын чыгарган цехтер болуш керек да. Бул жаатта абал кандай?

— Биз бүгүнкү күндө өлкөнүн түштүк регионунда пескоблок, брусчатка чыгарып атабыз. Ал эми Бишкекте пластиктен жана жыгачтан каалга-терезе жасаган цехтерибиз иштеп жатат. Ширетүүчү цех да иштейт. Алдыда токардык цех жасоо планда. Аталган цехтерде жыгачтан эмеректер, темирден каркастар жасалууда.

— Иштин көзүн билген, анык профессионалдарсыз мыкты натыйжага жетүү мүмкүн эмес да. Андыктан, жогоруда айтып өткөн имараттарды курууда эмгеги сиӊип, тажрыйбасы арткан кесиптештериӊизден атай кетээрсиз?
— Албетте, биздин иште ар бир адамдын аткарган милдети өтө олуттуу. Ооба, мыкты адистерсиз көздөгөн максатка жетүүгө болбойт. Бизде да өз ишинин чебери болуп, чыгармачылык жана талыкпаган эмгек менен баштаган ишинин майын чыгарган күжүрмөн кызматкерлер арбын. Албетте, жалпы баарынын аттары аталууга татыктуу. Арийне, сиз берген мүмкүнчүлүккө ылайыктай айрымдарын атай кетейин. Мисалы, өлкөбүздүн түштүк аймагы боюнча орун басарым Ташиев Чынгыз Ураимжанович жана прораб-адис Аскаров Бегиджан Маллаевичтер аталган аймактагы курулуш иштердин дээрлигин колго алып, олуттуу жүктү артына ишти алдыга сүйрөөдө эмгектери зор болууда. Ошондой эле башкы инженер Телянов Тулаган Абдугафарович, прорабдар Молдобеков Абаскан Акматбекович, Сыдыков Марат Шакирович, Насиров Алмасбек Таирович, Тельтаев Элмир Мавзудайырович, Дыйканалиев Баязбек Салманович, Бортоев Турар Шараповичтер, башкы адис Касеева Элмира Абдубалиевна, башкы бухгалтер Шайлообек кызы Жаркын, техникалык тейлөө адиси Шермухамедов Вальжан Зупарович биздин ишенген мыкты командабыз дей алам.

— Анда майрам алдында кесиптештериӊизге каалоо тилек айтаарсыз?..
— Курулушчу кесиби эӊ ардактуу кесиптердин бири. Анткени, курулуш бул ааламдын көркү болуу менен адамзаттын жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Андыктан кесиптештеримди бул майрам менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Кызматкерлерге курулган үйлөрдүн, коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында иш алып баруу үчүн курулган обьекттеринин саны арбып, сапаты арта берсин. Мейли турак-жай, мейли кызматтык имараттар курулсун, заманбап шартка ылайыкташа оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлсүн, айтор тартип сакчыларынын ишин жакшыртуу багытында куруучу кесиптештеримдин өтөгөн кызматтары өтө зор.
Урматтуу курулуш тармагынын адистери сиздерди Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм, чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Автор: Кубаныч Заинидинов