Саясат

Депутаттар орус тилиндеги отчетту угуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары  агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында орус тилиндеги аткаминерлердин отчетун угуудан баш тартышты.

Эл өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун угууга туура келди.

Жыйынга мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев, Суу чарба кызматынын директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев, айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова жана Суу чарба кызматынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Улан Төрөгелдиев баяндама жасоо үчүн келишкен.

Улан Төрөгелдиев баяндаманы расмий тилде берүүнү суранганы менен депутаттар өтүнүчтү четке кагышты.

«Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында мамлекеттик тилде гана баяндама угууну чечтик», — деди Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев баяндамада «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» КР кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, салык төлөөчүлөрдүн арасында орус тилдүүлөр бар экенин белгиледи.

«Атайын келген соң, бир угуп көрөлү. Анан кийинки жыйынга кыргыз тилинде даярдансын», — деди эл өкүлү, бирок сунуш колдоо тапкан жок.

«Бизди бүт республика угат. Алардын 80 пайызы кыргыз тилдүү, 10 пайызы орусча сүйлөшү мүмкүн. Көпчүлүктү сыйлаш керек”, — деп жооп кайтарды депутат Алишер Козуев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button