Коом

Ошто бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт

15-17-сентябрда Ош шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча 10-өкмөттөр аралык Беларус-Кыргыз комиссиясынын жыйыны, бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияда аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анын алкагында тиешелүү кызматтарга иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Беларусь делегациясынын башында Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары А. Сивактын келиши күтүлүүдө. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Беларусь-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Ошондой эле шаардын ири өнөр жай ишканаларына барып, анын ичинде “Кыргыз унаа курулуш” заводу менен таанышуу болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button