Саясат

Эрдоган Батыш Украинага курал эмес, металлолом берип жатканын айтты

Батыш өлкөлөрү Украинага курал эмес, металлолом берип жатканын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди, деп жазат Anadolu.

«[Өлкөлөр] аскердик колдоо көрсөткөнүн айтышууда. Бирок, чындыгында, Батышта канчалык эскирген курал-жарак жана металл сыныктары болсо, Украинага ошончолук көп жөнөтүлүүдө. Бул маселе боюнча Орусия да, Украина да жеңүүчү эмес. Мунун баары жакында бүтпөй турганын көрсөтүп тургандай», — деп эсептейт түрк лидери.

Анын пикиринде, бул конфликтте Батыштын позициясы туура эмес, анткени анын аракеттери «тараптарды провокациялоого» негизделген. Мындай болгондо тынчтык демилгелеринин эффективдүүлүгү минималдуу болот, деп ишенет Эрдоган. Анкара өз кезегинде “салмактуу саясатты” карманып, ок атышууну токтотууну жактайт, бирок “учурдагы процесстер согуштун жакын арада бүтпөсүнөн кабар берет”.

Түрк президенти белгилегендей, Европа өлкөлөрүнүн Орусияга карата алысты көрө албаган саясаты  газ кризисине алып келди.

«Орусия бааланбай турган өлкө эмес. Орусия жаратылыш газын берүүнү токтотту. Европада баалар бир заматта көтөрүлдү. Көпчүлүк жаман нерсени күтүүдө. Эмне үчүн мурун бул жөнүндө ойлогон эмессиңер? Анткени, Орусиянын колунда маанилүү ресурс бар. Анын ордуна газдын кампасынын запасы иликтенип жатат», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button