Президентти бир жыл мурда, “сабатсыз, мамлекетти башкара албайт, экономиканы талкалайт, Кумтөрдү ала албайт” – деп айтышчу. Мен да күмөн менен байкоо салып тургандардын катарында элем. Мындай пикирин журналист Чынар Капарова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Жыйынтык кандай болду? Кумтөрдү алды, айлыктарды көбөйттү, жолдор курулуп жатат, темир жол салып жатат, жакыр үй бөлөөлөргө 100 000 сомдон бере баштады, мектеп, балдар бакчаларын куруп жатат. Мамлекеттик социалдык мекемелерге имараттарды бүтүрүүдө. МЧСке жаңы техникалар, вертолеттер алынып жатат. Аскердик техникалар жаңыланды…

Бул мен көрүп, окуп, уккан ийгиликтердин кыскача ирээти.

Жетишкендиктерди көрүп, аргументи жок калып, сындап жаткандар “бир тууганы алтын кармап сүрөткө түшүптүр” деп дуулдап, чурулдашканына жол болсун. Кыргыз сүрөткө түшөт, ким болбосун түшмөк. Сүрөт Кумтөрдө эмес, Турцияда белгилүү алтын иштеткен ишкана тартылган экен. Барса баргандыр, ал деле пенде кызыгып сүрөткө түшүп койду. Анын эмнеси бар?”, — деген ал.