Коом

Ысык-Көлдү таштандылардан тазалаган суучул акча таап алды. Сүрөт

Балыкчыда көл түбүндөгү таштандылар тазаланды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, “Почта”, “Сейил”, “Толкун” муниципалдык пляждарында суу түбүнөн жалпы 3 куб метр таштанды алынып чыкты.

Тазалоо иштери Балыкчы мэриясынын “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын суучул-куткаруучулары тарабынан аткарылган.

Суучул көлдүн түбүнөн чыгарылган таштандылардын ичинен 2 миң сомдук купюра таап алган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button