Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтө турганын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар бул маселени Нур-Султанда (Казакстан) өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында талкуулашты.
Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн 2022-жылдын ноябрь айында өткөрүү пландалууда.