Бүгүн, 15-сентябрда таңга маал Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди.

“Манас” аэропортунда маалымат жыйын өтүп, анда журналисттер дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовдон анын жеңишинен кийин нике шакегин таккан манжасын көрсөткөнүнүн маанисин сураган.

Махмудов чемпионатка даярдануу учурунда машыктыруучу жана ата-энеси менен үй-бүлө куруу боюнча сүйлөшкөнүн айтты.

“Анда дүйнө чемпиону болсоң үйлөнүүгө уруксат беребиз дешкен. Мен өз каалоом менен бул жолго бара албайм. Ата-энем, агайларым туура көрсө, быйыл үйлөнөйүн деп ойлоп жатам. Мага сөз беришкен: “Сен дүйнө чемпионатын утсаң үйлөнөсүң” деп. Мен өз сөзүмө турдум, эми…(машыктыруучулары жакты карап)” деп жооп берген балбан.

Ушул эле суроо Акжолдун атасы Мухамед Махмудовго дагы узатылды.

“Кыздар, Акжол быйыл үйлөнбөйт. Анын эки агасы бар, алар үйлөнгөндөн кийин кезек Акжолго жетет. Бексултан деген баламды биринчи үйлөнтүшүм керек”, — дейт балбандын атасы.