Без рубрики

Кыргызстанда оперативдүү Медиа-штаб ишин улантууда

Баткен облусундагы кыргы-тажик чек арасынынын тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу Бишкекте Медиа-штаб иш алып барууда.

Штабдын башкы милдети күч органдарынын, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун расмий өкүлдөрү тарабынан тастыкталган, окуя болгон жерден маалыматтарды ыкчам берүү болуп саналат.

Чындыкка дал келбеген маалыматтарды аныктоо жана аларды четке кагуу максатында  маалымат талаасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, КР Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинде иштеп жаткан Штабдын милдетине жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн ЖМКларына англис, түрк жана орус тилдериндеги расмий маалыматтарды даярдап, таркатуу кирет.

Иштин бир бөлүгү социалдык түйүндөрдөгү платформаларга ыкчам маалымдоону колдоого багытталат.

Көрүлүп жаткан күч-аракеттердин негизги максаты өз убагындагы жана ишенимдүү маалымдоону камсыз кылуу, борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы маалымат кызматтарды түзүү жана алардын ишин координациялоо болуп саналат.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын тилкесиндеги кырдаал чыңалган бойдон калууда.

Коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу топтордун массалык басып кирүүсүнүн натыйжасында курман болгондор жана жабыркагандар бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button