Интернетте мээси жеткени, жетпегени деле Баткен боюнча эксперт болуп алышты. Кол салуудан кийин талкаланган айылдар кайсы аймакта жайгашканын билбегендери дагы бир нерсени дөөрүп койгонду адат кылып алышты. Талкуу жаратып, пикир айтардан мурда адам өзүнө суроо бериш керек да? Мен ушул темада адисминби, тишим өтөбү деп. Кайдан, эптеп эле былжырап калыш керек!

Акыркы күндөрү Ташиевге карата системдүү каралоо башталды. Анын башында Равшан Жээнбеков баш болгон бузукулар байкалууда.

Силер диванда жатып алып дөөрүп жатканда, Ташиев жеринде жанын оозуна тиштеп алып чек арачылар менен биргеликте мекенди коргоп жүрдү. Өзүнүн жанын тобокелге салып, чоң риск менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Башкаларга жаңылган ок, Ташиевге дагы жаңылып калмак. Ал керт башын ойлоп, коопсуз жерде жашынып жаткан жок. От күйүп, ок учуп, адам өмүрү кыйылып жаткан аймакта жүрдү. Кол салуу бир эле мезгилде көп аймактан болду. Мурдагыларга салыштырмалуу масштабдуу жана агрессия менен. Биздин чек арачылар даярдык жана эрдик менен коргонбогондо, тажиктер басып кирип кетишмек. Татыктуу жообун алып, тумшукка жеп, аскерин жоготуп, согуштук техникалары таш-талканы чыкканда  анан сүйлөшөлү деп кол көтөрүштү.

Азыр “күч атасын тааныбайт” деген заманда жашап жатабыз. Биздин бийлик даярданып, аскердик техникаларын бекемдеп, жаңыларын сатып алганы үчүн согуш уланбай токтоп калды. Башкы кол башчы Садыр Жапаров, ошол эле Камчыбек Ташиев аскерлерибизге көңүл бурбаганда, эгемендигибизге шек келмек. Азыр акыл үйрөтүп жаткан диван эксперттери оозуна келгенди сүйлөп коюп, үйүндө жатмак эмес. Жанын оозуна тиштеп, колуна курал кармап согуш талаасында жүрмөк же жер кучактап жатмак.

Ошондуктан, оозум бар деп, оюна келгенди дөөрүй бергенден алдын, кичине ойлонуп койсо “акылдуулар”.

Сырттан душман кол салганы жетишпей жаткансып, ички бузукулар маалыматтарды бурмалап, бийлик жаңылып, чалынып кетсе экен деп аңдып, сукулдап карап турушат. Кимдин-ким экенин дагы баамдап, байкап алууга шарт түзүлдү. Башын кумга тыгып жаткан анча-мынча саясатчылар үн катып, “мен бармын” дегенге үлгүрүштү. Айрым чиновниктер шымын булгап алса керек, секирип түшө калганга жетишти. Сырткы жана ички душмандын ниетин билгизген Баткендеги кырдаал – бийлик өз командасын бир сыйра силкип, тазалап алганга жакшы шарт түзүп берди.