Без рубрики

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакча ачылды

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда №17 “Ай күн” жаңы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышты.

Мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1463 чарчы метрди, аймагынын аянты 4900 чарчы метрди түзөт.

«Биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, кампа, бөлүштүрүүчү ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөлөрү бар. Экинчи кабатта музыкалык жана спорт залы, методикалык кабинет, оюн бөлмөлөрү, кабыл алуу бөлмөлөрү, кампалар жана башка бөлмөлөр каралган», — деп белгилешти..

Бала бакчанын имараттары керектүү жабдуулар: ашкана жабдуулары, эмеректер, эки кабаттуу керебеттер, кеңсе жана балдар отургучтары, стол, шейшептер, идиш-аяк, оюнчуктар, самын жуучу каражаттар, ошондой эле окуу куралдары, балдар үчүн көркөм адабияттар менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, бала бакча шаардык бюджеттин эсебинен билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button