Коом

Төраганын орун басары Улан Примов Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн аккредиттелген ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов, орун басары, журналисттерди аккредиттөө боюнча комиссиянын төрагасы Бакыт Карапашов катышты.

Улан Примов Төрага Талант Мамытовдун жана депутаттардын атынан сөз сүйлөп, журналисттердин коом үчүн кылган эмгеги өтө чоң экенин белгиледи.

“Ар бириңиздерге калкты бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Айрыкча, демократиялык принциптерге таянган Кыргызстан сиздер менен гана эркин коомду жаратып, адилеттүүлүк менен акыйкаттыкты туу туткан мамлекет катары калыптанары анык”, – деди төраганын орун басары.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары журналисттер менен тыгыз кызматташып, дайыма жакындан иш алып барууга кызыкдар экендигин айткан Улан Примов: “Белгилүү болгондой, сөз эркиндиги коом үчүн чындыкка жетүүнүн куралы. Андыктан, бардык маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү сиздердин калемиңиздерге көз каранды. Бул вазыйпаны чоң жоопкерчилик жана жогорку адискөйлүк менен ишке ашырасыздар деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, жолугушууда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сөз сүйлөп, сөз эркиндигин өнүктүрүү жана бул жааттагы мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу багытындагы сунуштары менен бөлүшүштү.

Эскерте кетсек, быйыл Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырууну каалаган 60тан ашуун ЖМК аккредиттелип, 200дөй өкүлүнө “Парламенттик кабарчы” күбөлүгү тапшырылды.

Булак: Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button