Коом

30-сентябрдан тарта Бишкектеги оргумалар өчүрүлөт

30-сентябрдан тарта оргумаларды өчүрүү жана кышка даярдоо пландалып жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Суу өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык мекемесинин кызматкерлери тазалоо иштерин башташат.

Октябрдын аягына чейин оргумаларды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насос, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 оргума комплекси бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button