— Дөөлөт Сыдыков борбордо Манас айткан күнү ошол жерде аягына чейин жүргөм. Эл менен кошо Манасчылар баары жүргөн сүрөп дем күч берип, элди Манас, Манас, Манас деп ураан чакыртып сап башында Рыспай Исаков кубанычта жүргөнүн көргөм. Ошондо Нурбек Манасчыдан сурадым Дөөлөт Сыдыков Манастын кайсы жерине келип калды десем:

— Ээ, байке Мисалы: Төө жөнүндө кеп болуп аткан болсо бир туягынан учу айтылып бүтө элек деди, ошондо 20саат айтылып калган эле. Дегеним Манасты күндөп-түндөп айтып эч ким түгөтө албайт, айтып бүтө алган да эмес. Гиннес китеби Манастын тырмагына чак келбейт. Рыспай Исаков Манас айтканы боюнча оюм: Аягында ичин кармалап жатты, өзгөрүп,кезерип кыйналды да адам болгон соң. Мен Дөөлөт Сыдыковду да байкагам Манас айтып жатып ичин кармап ушалап жатканын. Ар бир Манасчы аны кылат. Гиннес деген жаман нерсе экен, токтосо Гиннеске киргизбей салмак, ошон үчүн Рыспай Исаков кыйналганын, дарыгерди, Нурбекти, эшиктин ачылып турганын Манас ыргагына салып эс алганча ат жалына казан асып дегендей билдирип жатты. Аны эмне эле Манасты ушинтип айтабы деп жумурткадан кыр издедиңер. Биз Кыргыздар өзүбүздү өзүбүз артка тарткан эл болбойлу. Калыс сөзүм: Дөөлөт Сыдыков дагы Рыспай Исаков дагы Кыргыз элинин сыймыгына жараган Манасчыларыбыз. Экөөнү тең сыйлайлы. Тиги кыйын, бул кыйын деген пикирибиз менен биз өзүбүздү өзүбүз артка тартып жатабыз. Экөөнүн тең айтканы бир эле Манас. Бир Манастын эли экиге бөлүнүп майда болбойлу!