Коом

Кемпир-Абадды шылтоо кылып кыйкыргандар: Жер саткыч, Кадыржан Батыровдун куйругу, диплому жок бекерчи активисттер

Учурда Өзгөндө Кемпир-Абадды бетине кармап, оппозициячыл топтор курултай өткөрүп жатышат. Ага, Каркыраны казактарга карматып жиберген Адахан Мадумаров, 2010-жылы сеператист Кадыржан Батыровду эрчип жүргөн Бектур Асановдор барышты. Булардын арасында Сапар Исаковдун куйругу Жеңиш Молдокматов, Таластка губернатор боло калып, иштей албай жумуштан кеткен Айбек Бузурманкулов, билими жок, кыркка чыгып калса дагы бир жерде иштеп көрбөгөн сабатсыз Тилекмат Куренов деген бекерчи жүрөт. Карыганда үйүнө батпай калганбы, тынч отура албаган Кеңешбек Дүйшөбаев, Мамбетжунус Абылов деген чалдар отурат. Ар кимден дубанадай болуп акча сурап, акча түгөнгөн күнү жамандаген Аманбол Бабакулов сыяктуу активист сөрөйлөрдү дагы көрүүгө болот.

Ушулар кыргызга күйөбү? Ушулар элди жыргатабы? Өзбекстан менен чек араны тактоо мамлекетке пайдалуу жүрүп жатат. Тынч бүтүп жатканда ушундай кесепеттүү бузукулар кыйкырып жатып, Өзбекстандын эли дагы ойгоно баштады. Өзбек оппозиционерлеринин видеолору тарай баштады. Алар, “Каримовдун убагында Өзбекстанга таандык делген жерлер Кыргызстанга өткөнү жатыптыр”-деп нааразы болуп жатышат.

Протоколду ачыктабай туралы деген бийликтин айтып жатканы дагы дал ушул үчүн экенин булар билишеби? Атай Бейшенбек деген бакылдаган бала бар, “Кыргызстан протоколду ачыктабай жатат, өзбек президенти ачыктасын”-деп кат жазып кыйкырууда. Ушундай бейжай, оозуна келгенди дөөрүп сүйлөгөндөрдүн кесепети эми бүт элге тийбесе деп чочулайсың.

Кыргызстандын бүтүндүгү бир эле Өзгөндүн айылы эмес да? Миңдеген чакырым аралыктар такталып жатат. Мурдатан талаш болуп келген аймактар бизге өтүүдө.

Эки өлкө аймагын аныктаганда идеалдуу болуп чечилбейт. Эки тарап тең нааразы болот, эки тарап тең өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргойт. Ислам Каримовдун убагындагы каралган талаш аймактарга, чынында Өзбекстан үстөмдүк кылып келген.

Азыр көп аймактар, мүмкүнчүлүктөр Кыргызстандын пайдасына чечилип жатат. Муну атайын көргүсү келбеген бузукуларга айла жок экен. Мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу башкалар сөз кылса дагы, Адахан Мадумаров сүйлөбөй эле койсо. Анын бир кезде Баткендеги Төрт-Көчө боюнча протоколго койгон колу үчүн Тажикстан менен дайым атышып, адам кырылып жатат. Чалмакейди чалган Мадумаровдун чек ара тууралуу сүйлөгөнгө моралдык дагы укугу жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button