Коом
19-октябрга карата аба ырайы
Бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жааса, тоолуу аймактардагы жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө +9…+14,
Талас аймагында +8…+13,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15,
Нарын жергесинде +5…+10 градус болору айтылды.
Ал эми Бишкекте +11…+13 градус болору күтүлүүдө.