Коом
Эртеңден тартып Дубай – Ош – Дубай авиакаттамы ачылат
Эртең, 3-ноябрда Дубай – Ош – Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун” маалымат кызматы билдирди.
Fly Dubai авиакомпаниясы Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү.
“Белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жылдык тыныгуудан кийин жанданганы турат, – дейт МЭА» ААК.