Кеңеш

Капчыктагы «тешикти» кантип бүтөш керек? Адистин кеңеши

Адистин айтымында, капчыктан акчанын жок болуп кетишинин негизги себеби — бюджетти пландаштырууну билбестик.
Айрым адамдарда айлык алары менен акчасы жок калат. Мунун артынан кийин өзү гана эмес, андан финансылык жактан көз каранды болгон жакын адамдары дагы кыйналат. Мындай жагымсыз абалды алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин Россиянын Финансы министрлигинин Каржылык сабаттуулук борборунун эксперти Ольга Дайнеко «Прайм» агенттигине берген маегинде түшүндүрдү.
«Айрымдар колуна акча тиери менен жашоосу майрамга айланат дагы, бир нече күндөн кийин тыйын санап отуруп калышат. Эгер акчаны туура пайдаланганды билбесеңиз, кадимкидей керектүү нерселердин тизмесин жазып алып, ошол гана нерселерди сатып алуу керек. Ал тизмеден колдон келишинче чыкпаңыз. 2-3 ай ошентип жашап көрсөңүз, айлыкка чейин кыйналбай жетесиз», — деди Дайнеко.
Ал көпчүлүк киши акчасын өтө зарыл эмес нерселерге коротуп саларын айтты.
«Мисалы, күн сайын кофе сатып алуу, көчөдөн тамактануу, анча керек болбосо дагы модалуу кийим-кече алуу сыяктуу. Эгер акча тартыш болсо, үйдөн тамактанууга аракет кылып, эртең эле модадан чыгып кете турган кийимди албай коюуга үйрөнүш керек», — деди финансист.
Ошондой эле ал күтүүсүз булактан акча кетип, ашыкча каражат пайда боло калганда, аны «кол жеткис» жерге коюуну сунуштайт. Мисалы, белгилүү бир учурда депозит катары банкка салып койсо болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button