Коом

Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду

Ордо калаада жоогазын гүлдөрүн отургузуу иштери башталып, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 160 миң гүл тикти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндөгү Курманжан датка эстелигинин жанынан, Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын алдынан, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жомок» скверинен көрө алышат», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөнүн эске салды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button