Коом

Оштун “Алай” футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын оюндарына жолдомо алды. Сүрөт

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун “Алай” клубу менен Бишкектин “Алга” клубунун беттеши өттү.
         
Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду «Алай» футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.
Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады.
Белгилей кетсек, “Алай” ФК бүгүнкү оюндан кийин 50 упай топтоп, турнирдик таблицада 2-орунга чыгып жатат. Эми “Алай” 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button