Коом

Эстрада ырчысы Бекжан Темирхан каза болду

Эстрада ырчысы Бекжан Темирхан 11-ноябрга караган түнү каза тапты. Менеджери Мырзагүл Абдрахманованын айымыда, ырчы туулган жери Аксыдагы Кызыл-Жар айылында акыркы сапарга узатылат.

«Азырынча Токмоктогу өлүк сактоочу жайда. Ал жактан айылына алып барабыз», — деди М.Абдрахманова.

Бекжан быйыл 2-октябрда 27 жашка толгон.

Ырчы Кызсайкал Кабылова социалдык тармактагы баракчасына, 10-ноябрда Бекжан экөө Балыкчы шаарындагы тойдо кызматта болушканын жазды.

«Бекжандын гонорары бизде болчу. Телефон чалып: «Доске жолдон берелиби же Бишкектен аласыңбы?» десек, азыр эле алып алайынчы деди. Боомдо күтө турам деген. Телефонду койгондон 10 мүнөттөн кийин телефон чалган Талгар деген досу:

«Машина тоголонуп кетти, авария болдук» деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмес элек. Барсам, машина толтура. Бекжанды тирүү дегилечи деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча 30 мүнөттөй убакыт өттү. Тез жардам келип эле текшерди. Анан «Сайкал, кайрат кыл» деди, нес абалда эле туруп калдым. Бекжан экөөбүз эч жөн сүйлөшчү эмес элек. Өтө тамашакөй, шайыр адам элең…», — дейт Кызсайкал Кабылова.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button