2022-жылдын октябрында Кыргызстанда инфляция 15,4%ды түздү (өткөн айда 15,5%). Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан билдиришти.

Бул көрсөткүчтүн тезирээк басаңдашына резидент эместер тарабынан суроо-талаптын өсүшү жана эл аралык жеткирүү түйүндөрүндөгү көйгөйлөрдөн улам өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын өсүшү тоскоол болгондугу белгиленген.

ЕӨБ эксперттеринин айтымында, импорттук жогорку баалар өлкөдөгү керектөө бааларына таасирин тийгизбей койбойт.

«Ошол эле учурда республикага убактылуу кирген чет элдик жарандардын инфляциялык басымы жылдын калган мезгилинде басаңдашы мүмкүн. Натыйжада жылдын аягына чейин инфляциянын бир аз басаңдашы күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.