Эртең, 16-ноябрь күнү, Кыргызстандын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Салтанаттуу иш-чара Улуттук филармонияда саат 18:30да башталып, ырчы, куудулдардын катышуусундагы чоң программадагы автордук концерт менен коштолот.

Ниязов 1952-жылы Нарын облусунда туулган. Эмгек жолу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясында башталып, залкарлар Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев менен иштеген.