Эмилбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп дайындалды
Жала-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп Эмилбек Балтагулов дайындалды.Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.
Эмильбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.
Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды.
Эмильбек Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында туулган.
1999-2004- жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн окуп бүтүргөн.
2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу.
2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.