Коом

«Каракол» аэропорту жыл аягына чейин ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропортун 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу «Манас” эл аралык аэрпопортунан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курула башталды. Ошондой эле аэродромдун элементтерин реконструкциялоо, анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу, жана жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

«Каракол» эл аралык аэропортун реконструкциялоо 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык ишке ашырылууда. Долбоордук-сметалык документтер тийиштүү мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Долбоорду ишке ашырууну президенттин иш башкармасына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Курулуш иштери «Манас” эл аралык аэрпопортунун каражатынын эсебинен аткарылууда.

Куруу иштери аяктаган соң жаңыланган «Каракол» аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

«Каракол» аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделген. Анын учуу-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул жылдын май айында аталган аэропорттун жаңы бекетинин курулушуна капсула салынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button