Коом

Бишкекте «Бала келечекте» долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №22 бала бакчанын базасында «Бала келечекте» долбоору ийгиликтүү аяктады.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, долбоордун алкагында эки ай бою балдар үчүн акысыз кол өнөрчүлүк ийримдери, мастер-класстар, лекциялар, тренингдер, (интеллектуалдык командалык оюндар), робототехника жана шахмат боюнча мелдештер, ошондой эле пластилинге тартылган сүрөттөрдүн жеке көргөзмөлөрү, сүрөт тартуу жана моделдөө ийримдери, балдар психологиясы «Мен өспүрүм» курсу өткөрүлдү.

Долбоордун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Сынактын максаты – өзүн өнүктүрүүгө, калыптандырууга жана жетишкендиктерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн долбоордук, командалык иштерди уюштуруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, долбоорго 31 окуучу катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button