Саясат

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

Казакстандын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган отурум өткөрүп, анда өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаевдин жеңип чыкканын билдирди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Бул өнөктүккө добуш берүүгө укуктуу болгондордун ичинен 69,44 пайызы келген. Президенттик шайлоо жекшембиде, 20-ноябрда, өткөн.

Добуш берүүнүн БШК чыгарган жыйынтыгы:

Токаев 6 456 392 добушка ээ болгон же пайыздык катыш менен алганда — 81,31 пайыз;

Жигули Дайрабаев — 3,42 пайыз (271 641 добуш);

Мейрам Кажыкен — 2,53 пайыз (200 907);

Каракат Абден — 2,6 пайыз (206 206);

Салтанат Турсынбекова — 2,12 пайыз (168 731);

Нурлан Ауесбаев — 2,22 пайыз (176 116);

«Баарына каршы» болгондор 5,8 пайызды түзгөн (460 484 адам).

БШК Токаевдин инаугурациясы 2022-жылдын 26-ноябрында өтөрүн билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button