Коом

Курманкул Зулушев: Прокурор болуу чоң жоопкерчилик

КР башкы прокурору Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстти:

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Өлкөнүн бардык жарандарынын мыйзам алдында бирдей  укукка ээ экендигин камсыз кылганда гана мамлекет  укуктук, демократиялуу деп аталышы мүмкүн. Мындай жагдай прокурордук кесипти аркалагандарга өзгөчө  талаптарды коет.

Ошондуктан прокурор болуу  чоң жоопкерчилик -деп ойлойм.

Мындай шартта жарандардын бузулган укуктары менен мамлекеттин кызыкчылыктары канчалык натыйжалуу жана өз убагында корголорунан, кылмыштуулук жана коррупция менен канчалык так жана сабаттуу күрөш жүргүзүлөрүнөн, ошондой эле ар бир кызматкердин кесипкөйлүгүнөн прокуратура органдарынын гана кадыр-баркы эмес, жалпы эле Кыргызстандын келечеги көз каранды. Анткени, прокуратуранын ишмердигине жараша  калктын мамлекеттик бийликке карата мамилеси калыптанат.

Прокуратура органдары бир доорго жакын  мамлекет эгемендикке жетишкен күндөн тартып өлкөдө мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы үчүн кызмат кылып, мыйзамсыздыкка, коррупцияга жана адилетсиздикке каршы күрөш жүргүзүп келишет. Сиздердин бул мээнетиңиздер тарых барактарынын бир бүктөмүнө айланарына ишенем.

Урматтуу прокуратура органдарынын ардагерлери!

Сиздер өз өмүрүңүздөрдүн курч мезгилин  прокуратурада кызмат өтөөгө арнап, прокурорлук көзөмөлгө алгачкы кадам таштаган жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөттүңүздөр.

Бүгүнкү кесиптик майрам күнү сиздердин биздин коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар жана тайманбастыгыңыздар Ата-Журтка – Кыргызстанга кызмат кылууга, аны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталарына терең ишенем.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү — кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button