Коом

Медициналык окуу жайларда чет элдик студенттерди кабыл алууга жаңы эреже кирди

Министрлер кабинети Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлар үчүн чет элдик студенттерди кабыл алуу талабын бекитти.

Ага ылайык, Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайлары гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл ала алат. Бул боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлдү. Ал эми Тышкы иштер министрлиги дал ушул окуу жайларга жиберилген абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыздайт.

Токтом медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатууга, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына дипломдорун чет өлкөлөрдө таанууга дем берүүгө багытталган. Жаңы эреже 28-ноябрдан тарта күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button