Саясат

Арменияда ЖККУнун жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

23-ноябрда Армениянын Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Россия жана Армениянын президенттери катышты.

Кол коблган документтер:

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылуунун мөөнөттөрү жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттери жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун конгресс-көргөзмө иш-чарасы жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жалданма» оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар комплексине Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Жалданма» туруктуу аракетинин («Жалданма» операциясы») аймактык антитеррордук операциясынын статусун берүү жөнүндө» чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу сыйлыктар жөнүндө» чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жөнүндө” чечими;

— Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “2023-жылга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бюджети жөнүндө” чечими ж.б.

Белгилей кетсек, ЖККУда төрагалык кылуу Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Ошондой эле, 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун башкы катчысы Казакстан Республикасынын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button