Коом

Кыргызстанда 673 ААК жана 550 ЖАК бар

КРда 673 Ачык Акционердик Коому (ААК) жана 550 Жабык Акционердик Коому (ЖАК) бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, акционердик коомдордун уставдык капиталынын эң төмөнкү көрсөткүчү 100 миң сомдон жогору болуш керек.

Жыйында депутаттардын ошол коомдордо мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүнбү деген суроолоруна, Сыдыков Юстиция министрлиги болгону каттоо жаатындагы эле саясатты алып барарын билдирди.

“Акционерлер жөнүндө маалымат бизде болбойт, АК жөнүндөгү мыйзамга ылайык, акционерлер тууралуу реестр кармоочу, тагыраак айтканда, баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучуда болот. Алардын мүлктөрүн биз башкарууга укугубуз жок”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button