КеңешКоом

Витамин, дары-дармек менен иммунитет көтөрүлбөйт. Адистин кеңеши

Күз-кыш мезгилдеринде көпчүлүк иммунитетин көтөрүү үчүн түрдүү каражаттарды ичип баштайт. Бирок бул туура эмес экендигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт Алексей Водовозов айтып берди.
Ал иммундук системаны көтөрүү үчүн ар түрдүү витамин, дары-дармекти ичүүнүн кажети жок экендигин белгиледи.
«Бул системага тийишпей эле койгон оң. Бактыга жараша, ал биздин түрдүү «кол салууларыбыздан» өзгөрбөйт. Эмне гана ичпейли, баары бир иммунитетке таасир бере албайт», — деген Водовозов.
Анын айтымында, эгерде адам өзү каалап жаткандай укмуш күчтүү иммунитетке жете алса, кесепети өтө эле начар болмок.
«Бизге өтө күчтүү иммундук реакция керек эмес. Аутоиммундук оорулар — мисалы, күчтүү иммундук реакция же болбосо COVID-19 оорусу күч алган учурда көп адамдарды өлүмгө жеткирген гипериммундук реакция. Мунун кереги жок», — деди терапевт.
Дарыгер сергек жашоо образын сактаган адамдардын иммундук системасы организмге коркунуч жаралган учурда тийиштүү деңгээлде жооп бере аларын белгиледи.
«Ашыкча тоюу, аз кыймыл, стресске чөгүп кетүү, уйкунун канбагандыгы — мунун баары иммунитеттин алсызданышына алып келет. Ошондуктан ушул көрүнүштөрдү жоюу менен биз бул системанын күчтөнүшүнө жардам бере алабыз», — деген дарыгер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button