Коом

Видео: “Гаваи” эс алуучу борборунун кызматкерлери соцтармакта жазылган Таймурас Ташиевге байланышкан маалымат жалган экенин билдиришти

Кечээ Адис  Жумагулов деген жаран Фейсбук баракчасындагы  “Сапар Исаков” деген  тайпага УКМК  башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас  Ташиев “Гаваи” эс алуу борборуна достору менен барып, акчасын төлөбөй кетип калганы тууралуу маалымат жазып чыккан.

Бул маалыматты Фейсбук колдонуучулары ар кандай талкууга алышкан эле.

Бүгүн “Гаваи”  эс алуу борборунун кызматкерлери редакциябызга кайрылып,  Адис Жумагулов атайын провокациялуу фейк маалымат таратканын кабарлап, видеосун жөнөттү.

“Гаваинин” күзөт бөлүмунүн кызматкерлери  Фейсбукта тарап жаткан маалымат фейк, жалган  экенин айтып, мындай окуя эч качан болбогонун айтышты.

Ал эми Адис Жумагулов деген аккаунттун ким экени белгисиз жана фейк аккаунт экени билинип турат дейт,  бул тууралуу жазган Фейсбук колдонуучусу Садырбек Калдарбаев.

Адис Жумагулов азыркы бийликке дайыма негизсиз асылып, жалган, провокациялуу маалыматтарды таратып келет, тиешелүү органдар жакшылап иликтеп,  тиешелүү жазасын бериш керек деп жазды Фейсбук колдонуучусу Садырбек Калдарбаев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button