Коом

Лейлекте 10 жаштагы бала эки жарым жылда Куранды толук жаттаган

Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын жаш тургуну Анас Гапаралиевге Лейлек районунун баш имам-хатибинин атайын сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыкты “Лейлек” мечитинин ачылыш аземинде Лейлек районун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинин мурунку мүдүрү, дин аалымы Ибрахим ажы Кадыров тапшырды. Анас Гапаралиев 10 жашта болгонуна карабай, 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.
“Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду.

Ушундай жаш балдар көбөйө берсин. Алган илимине Аллахым береке берсин. Ар дайым тилинен, дилинен Куран түшпөсүн. Куран нуру менен ар дайым нурданып жүрө берсин”, – деди Сейитбек ажы Полотов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button