ыйыл залкар жазуучу, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, атактуу дипломат, кыргыз элинин сүйүктүү перзенти Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгы дүйнѳ коомчулугу тарабынан кенен белгиленүүдѳ. Бул багыттагы иш-чаралар Ѳзбекстанда да жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет. Анкени, бул жерде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын зор кызыгуу менен окуп, жазуучунун ѳзү терең урматталат жана кыргыз-ѳзбек достугунун түбѳлүк данакери катары зор баркталат.

Ѳзбекстандын президенти, урматтуу Шавкат Мирзиёевдин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кенен майрамдоо тууралуу кабыл алган токтому дагы бир жолу бул жагдайдын тастыгы болду.

“Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов жалаң кыргыз калкынын гана эмес, жалпы түркий мамлекеттер, ошондой эле ѳзбек калкы үчүн да азиз жана ардактуу инсан, Өзбекстандын үлкөн досу болгон. Чыңгыз Айтматов аймагыбыздын тынчтыгы жана бейпилдиги, анын келечеги жана ѳнүгүшү, элдерибиздин ортосунда достук жана биримдикти чыңдоо, аларды ар түрдүү келишпестик жана карама-каршылыктардан асыроо жолунда жан-дили менен эмгектенди. Ѳткѳн кылымдын 80-жылдарындагы мурдакы борбор тарабынан уюштурулган “ѳзбек иши”, “пахта иши” сыяктуу доомат саясий кампаниялар учурунда Чыңгыз Айтматовдун адилет жана акыйкат талапкери катары калкыбыздын намысы жана аброюн жогорку трибуналардан туруп эрдик менен коргон эл-журтубуз дайыма ыраазычылык менен эскерет”, — деп айтты Шавкат Мирзиёев.

Тактап айтсак, Чыңгыз Айтматовдун Өзбекстан тарабынан “Достук” жана “Улуу кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланышы да ушундан далалат берет. Улуу жазуучунун ѳзбек элинин бай маданияты, байыркы тарыхы, руханий ааламына дайыма улуу урмат-сый менен карагандыгы жалпыга маалым. Чынында эле, кыргыз перзенти ал эң жогорку деңгээлдерде 1985–1988-жылдары «пахта иши», «ѳзбектер иши» деп аталган доомат натыйжасында куугунтукка алынган Ѳзбекстан жана өзбек элинин шаан-шѳѳкѳтүн, ар-намысын тайманбастан коргоп чыкты. Чыңгыз Айтматовдун тарыхта байыркы Византия Кадимки Руска кандай таасир көрсөткөн болсо, байыркы өзбек маданияты, адабияты да Борбордук Азияга ошондой таасир көрсөттү деген сөздөрү бүгүнкү күндө да көпчүлүк өзбекстандык интеллигенциянын төл сөздөрүнө айланганын жакшы билебиз.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өзбек тилине Асил Рашидов, Ибрагим Гафуров, Якубжан Хужамбердиев, Набижон Бокий, Суюн Караев сыяктуу жазуучулар тарабынан чебердик менен которулган. Паризат Мирза-Ахмедова, Сайди Умиров, Нарбай Артыков, Рустам Ибрагимов, Шухрат Ганиев, Гузаль Абдуллаева сыяктуу окумуштуулар улуу жазуучунун чыгармаларын изилдеп, заманбап адабияттын «айтматов таануу» алкагына өздөрүнүн жемиштүү салымдарын кошууда. Ошондой эле, Ахмаджон Мелибаев, Зухриддин Исамиддинов, Тѳлѳнбай Курбанов, маркум Турсунбай Адашбаев сыяктуу журналист, акын жана публицисттери окумуштуулары — академик Акмал Саидов, профессорлор Кучкар Ханазаров, Виктор Алимасов, Алишер Файзуллаев жана башкалар улуу жазуучунун чыгармаларынын маани-манызын окурмандарга жеткерүүдѳ салымдары чоң.

Эскерте кетсем, мен да Чыңгыз Айтматов менен 1995-жылы Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчилигинде атташе болуп иштеп жүргѳн кездери ѳзгѳчѳ кырдаалда таанышканмын. Ал кезде, мурда Ош облусунун губернатору болгон, Батыралы Сыдыков Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси болчу. Ал киши экономика-чарба, уюштуруу иштерин мыкты билген, ошону менен бирге адабиятка ѳтѳ кызыккан, дүйнѳ карашы кенен, инсандыктын жогорку сапаттарын туу туткан адам болгон. Батырали Сыдыков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду кыргыз улутун сыймыгы катары ѳтѳ жогору баалаган, мындан сырткары, кесиптеш, элчи катары ал киши Ташкентке келген сайын анын урмат-сыйын дайыма жогору койгон.

Эсимде, Ташкентте Азия, Африка жана Латын Америкасы мамлекеттеринин Эл аралык кинофестивалы болгон, анда Чыңгыз агай жюри тѳрагасы болуп, 10 күндѳй Ташкентте жүрүп калды. Ошондо элчиликтин тапшырмасына ылайык, ал киши менен бат-бат жолугушуп туруу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болгом. Ошол мезгилден баштап, Чыңгыз Айтматов менен жакшы тааныш болуп калдым.

2004-жылдын май айында жумуш сапары менен Бишкекке барып калдым. Ал кезде мен Ѳзбекстан телерадио компаниясында «Ташкент» радиосунунун кыргыз редакциясын жетектейт элем. Чыңгыз Айтматовдун Бишкекте экендигин угуп, ал кишиден биздин «Эламан» аттуу радиоберүүлѳрүбүз аркылуу ѳзбекстандык кыргыздар жана радиоугармандар үчүн интервью берүү ѳтүнүчү менен кайрылдым. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун ѳз интервьюсунда айткан тѳмѳндѳгү сѳздѳрү эсимде: «Дүйнѳ жүзүндѳгү кѳп мамлекеттерде кыргыздар жашайт, дүйнѳлүк ѳнүгүүнүн шарты ушундай, ички жана сырткы миграция күчѳйдү. Силер ѳзбекстандык кыргызсыңар, ошол мамлекеттин жаранысыңар. Андыктан ошол мамлекеттин ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ ѳз салымыңарды кошуу — силердин милдетиңер, Ѳзбекстан күчтүү, келечеги кенен мамлекет. Бирок, Ата журт болгон Кыргызстандан кол үзбѳй, улуттук ѳзгѳчѳлүктү сактап калууга аракеттенүү зарыл. Ар бир улуттун ѳзгѳчѳлүгү ѳз эне тилин сактоо, ата-тегин билүү, үрп-адаттарын абайлап-асыроо жана аларды ѳнүктүрүп келечек муунга калтыруу болуп саналат. Мында силерди руханий — улуттук зарылчылыгыңарды камсыздап туруучу булак Кыргызстан болуп саналат», деп айткан эле.

Интервью бүткѳндѳн соң, «Балалыгым» китебинин мазмунун кыргыз жана ѳзбек тилдеринде радиоугармандарга тартуулап барсак, жаш муун үчүн ѳтѳ кызык жана пайдалуу болушун айтып, китепти ѳзбек тилине которууга ыраазылык беришин сурандым. Ошондо Чыңгыз агай бул пикирди колдоп-кубаттап, ыраазычылыгынын белгиси катары китептин бетине: «Тѳлѳнбайга! Ак тилектер! Бишкек», деп жазып кол коюп берди. Ушундан улам, «Балалыгым»ды ѳзбек тилине котордум, китептин алгачкы ѳзбекчеси ошол кездеги «Гулистан» журналынын башкы редактору, жакын досторумдан бири, белгилүү ѳзбек акыны Азим Суюндун сунушу менен басманын 2004 — жылдагы 3–4 — сандарында, жарыяланды. Улуу жазуучунун 90 жылдыгы дүйнѳ коомчулугу тарабынан кенен белгиленип жаткан учурда, «Ардактуу адам болуп калыптануунун философиясы» аттуу долбоор алкагында «Балалыгым» чыгармасы Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчилиги жана Европада Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Ташкенттеги офисинин колдоосу менен 2018-жылы Түркиядагы “Мега пресс” басма үйү тарабынан кыргыз жана ѳзбек тилдерине, кирилл жана латын шрифттеринде, атайын китеп болуп чыгарылды.

Учурда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвтин даанышмандык менен жүргүзүп жаткан саясаттарынан улам эки мамлекеттин ортосунда саясий, соода-экономикалык, гуманитардык-маданият алкактарындагы ѳзара мамилелер сапат жактан жаңы, жогорку деңгээлге кѳтѳрүлдү. Кыргыз-ѳзбек достугунун алтын кѳпүрѳѳсү, түбѳлүк данакери болгон Чыңгыз Айтматов осуят кылган эки боордош элдин достугун мындан ары ѳркүндѳтүү алкагында зор мааниге ээ болгон, келечеги кенен жана жаркын иш-чараларды жүзѳгѳ ашыруу эки боордош, коңшу мамлкеттер — Кыргызстан жана Ѳзбекстандын жүргүзүп келе жаткан саясаттарынын чордонунда.

Чыңгыз Айтматов белгилүү жазуучу, заманабыздын даанышманы катары кыргызды жалпы дүйнө жүзүнө тааныткан. Улуу жазуучубуздун китептери дүйнөнүн 170 тен ашуун тилине которулган. Кыргыз калкы дүйнөгө Чыңгыз Айтматов сыяктуу талантты тартуулаганы менен сыймыктанабыз. Ошондуктан биз анын адабий мурастарына тийиштүү баа берилип, анын чыгармачылыгы тууралуу келечек муун билүүсү үчүн колдон келген аракетибизди жасоого милдеттүүбүз. Атактуу жазуучунун ѳзбек адабияты жана кѳркѳм ѳнѳрүнүн ири ѳкүлдѳрү менен жакын дос жана чыгармачыл ѳнѳктѳш болгону жаш жазуучуларыбыз үчүн жогорку ѳрнѳк үлгүсү.

«Кабар», МАБ

Тѳлѳнбай Курбанов,

Ташкент шаары,

12-декабр, 2022-жыл.