Коом

ИИМ: Чүйдө милиция кызматкерлери зомбулукка каршы үндөгөн акцияны уюштурушту

2022-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан “Зомбулуксуз жашоо” акциясы уюштурулду.

Буга утурлай, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөлүк-зомбулукка, жашы жете электерге карата жасалган зомбулукка каршы үндөгөн бир катар иш-чараларды өткөрүштү. Анын алкагында, милициянын демилгеси менен окуучулар “Зомбулуксуз жашоо” темасына арналган сүрөттөрдү тартышып, көргөзмөлөрдү уюштурушту. Андан тышкары, Чүй районунун Чүй айылынын Султан Ибраимов атындагы №2 орто мектебинде 8-декабрь күнү “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы масштабдуу акция уюштурулуп, анда окуучулардын коопсуздугу Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан камсыздалды.
Чүй районунун тартип сакчылары бул акциянын жүрүшүндө бардык мектептерди кыдырышып, окуучулар менен жолугушуп, зордук-зомбулук фактылары боюнча тез арада милицияга кайрылуу керектигин билдиришип, милиция ар дайым жардамга кол сунарын айтышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button