Коом

Кыргызстанда эт 11, нан азыктары 24%га кымбаттады

Кыргызстанда тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар былтыркыга салыштырмалуу 12,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы тогуз ай ичинде алкоголдук суусундуктарга жана тамекиге баа өсүп, кымбатчылыктын туу чокусу Нарын облусунда катталган. Бул аймакта баа өткөн жылга салыштырмалуу 41,3 пайызга жогорулаган.
Ал эми нан азыктарынын баасы республика боюнча 21,5 пайызга кымбаттаган. Бул азыктын баасы Жалал-Абад облусунда эң жогору, былтыркыга салыштырмалуу 24,4 пайызга өскөн.
Эттин баасы 11,4 пайызга жогорулаган. Анын ичинен уй эти — 10,9 пайызга, жылкынын эти — 12,8 пайызга, кой эти — 13,1 пайызга өскөн.
Статком сүт, жумуртка азыктарына болгон баа тогуз ай ичинде 9 пайызга, өсүмдүк майынын баасы 7,5 пайызга өскөндүгүн билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button